Ченду-Бишкек-Ченду багыты боюнча биринчи учак келди

Бүгүн, 12-декабрда «Манас» эл аралык аэропортуна Ченду-Бишкек-Ченду багыты боюнча биринчи учак келип конду.

Аталган багыт боюнча каттамдарды кытайлык Loong Air авиакомпаниясы аткарууда. Азыркы учурда аталган авиакомпания Бишкек-Сиань багыты боюнча каттамдарды да аткарууда. Бишкектен Ченду шаарына каттамдар 12-декабрдан 2024-жылдын 30-мартына чейин жумасына шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы.

12 Декабрь 2023 жыл 16:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча