Чет өлкөлүктөрдү сабаган жаран кармалды

Ички иштер министрлиги тарабынан 18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул факт боюнча Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (массалык башаламандык) жана 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Анын негизинде чет өлкөлүк жарандарды сабаган шектүүлөрдүн бири кармалганын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Андан тышкары, ал адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыган.
2024-жылдын 18-майынан тартып социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандары сабалган видеотасма тарай баштаган.

Видеодо 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү саргыч боз кийимчен белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы чагылдырылган.

Алынган маалыматтар боюнча аталган факт 18-майда таңында болгон. Азиат түспөлүндөгү белгисиз төрт адам “Дордой” базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КИББдин кызматкерлери жүргүзө баштаган. Аталган окуя болгон жерге жакын жайгашкан видеобайкоо камераларынын жазууларын көргөндө кол салган төрт адам кара түстөгү “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа менен 18-майда таңкы саат төрттө келишкени аныкталган.

Андан аркы иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун тургунуна катталган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаа табылган. Аталган унаанын рулунда Ысык-Көл районунун тургуну 1999-жылы туулган Азат Жекшенбеков экендиги белгилүү болуп, кармалды.

Ал учурда Бишкек шаарында жашап, эмерек жасоочу цехтин кызматкери болгон.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылып, укукка каршы аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

21 Май 2024 жыл 12:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча