2015-жылы башталган 375 орундуу мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамкурулуштан кабарлашты.
Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында 375 орундуу Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектептин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2900 чарчы метр.
Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш жумуштары толугу менен бүтүп, эмерек жабдуулары толугу менен орнотулду.
