Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейтилет

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аймактык реформаны Ысык-Көл облусунда дагы жүргүзүү пландалууда. Тагыраагы, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейтилет.

Жарлыкка ылайык, аталган шаарларга төмөнкү айыл аймактары кошулмакчы:

  • Чолпон-Ата шаарынын курамына Бостери айыл аймагы;
  • Каракол шаарына Челпек айыл аймагы;
  • Балыкчы шаарына Көк-Мойнок айыл аймагы.

«1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды«, — деп айтылат маалыматта. 

3 Январь 2024 жыл 11:10

Тема боюнча