Бүгүн, 6-июлда, түшкө маал
шаардын четинде аркандан секирип эс алган жаран, аркан үзүлүп кетип каза болду.
Маалыматты Чүй милициясы тастыктады.
Чункурчак капчыгайында бир адам жип менен секирип жатып, кулап кетти. Окуяга күбө болгондордун айтымда, алар кишиге жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок, ал алган жараатынан улам ошол жерден жан берген.
Жаран 25 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Окуя болгон жерде дарыгерлер болгону белгилүү болду.
Маркум үй-бүлөсү менен секирүүгө келген. Жанынды үч баласы болгон.