Чукул билдирүү: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Министрликтин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу мүмкүн.

Катуу шамал учурунда электр зымдарынан, жарнама такталарынан, бак-дарактардан алыс болуу керек.

16 Август 2024 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча