Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын экинчи күнү кыргызстандык спортчулар 20 медаль утушту.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер 9-сентябрда башталган.
10-сентябрда Кыргызстандын спортчулары 7 алтын, 8 күмүш жана 5 коло медаль утушту.
Алтын медаль уткан спортчулар:
— Уланбек Турганбаев (таяк тартыш, 65 кг чейин)
— Келдибек Атайбек уулу (таяк тартыш, 105 кг чейин)
— Элза Абдыкадырова (таяк тартыш, 55 кг чейин)
— Адель Маданбаева (таяк тартыш, 65 кг чейин)
— Назия Майлыбашева (таяк тартыш, 75 кг чейин)
— Ислам Бердибек уулу (эр эңиш, 90 кг чейин)
— Бекболот Токтогонов (кураш, 100 кгдан жогору)
Күмү медаль уткан спортчулар:
— Элдос Айтбаев (таяк тартыш, 80 кг чейин)
— Бекмурза Токтошев (таяк тартыш, 70 кг чейин)
— Кимал Оболбеков (казак күрөшү, 55 кг чейин)
— Шатман Эсенбек уулу (казак күрөшү, 82 кг чейин)
— Луиза Асакеева (казак күрөшө, 48 кг чейин)
— Жекшенбек Турдубеков (эр эңиш, 60 кг чейин)
— Бактыгул Райхан уулу (эр эңиш, 70 кг чейин)
— Күмүшбек Кыдыралиев (эр эңиш, 100 кгдан жогору)
Коло медаль уткан спортчулар:
— Русланбек Чыныбек уулу (таяк тартыш, 90 кг чейин)
— Байбол Саламат уулу (казак күрөшү, 66 кг чейин)
— Калыбек Бусурманкул уулу (эр эңиш, 80 кг чейин)
— Турдукул Абдрахманов (эр эңиш, 100 кг чейин)
— Ажар Исаева (кураш, 70 кг чейин)