Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы көтөрүлдү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дагы өсүп, рекорддук көрсөткүчүн жаңылады.

Интерфакс маалымдагандай, алтындын кымбатташына дүйнөлүк экономикада баалуу металлдарга суроо-талаптын өсүшү себеп болууда.

Comex биржасында алтын унциясына 2954,8 долларга жетип, тарыхый чекке жетти.

Буга чейин эксперттер божомолдорго таянып, февралда баалуу металлдардын баасы 3 миң долларга чейин жогорулай тургандыгын айтышкан.

Эске салсак, январь айынын аягында дүйнөлүк биржада алтындын унциясы 2850 доллардан ашып, дээрлик 50%га көтөрүлгөн болчу.

24 Февраль 2025 жыл 11:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча