Бишкектеги Шевченко көчөсүндөгү I-Mall соода борборундагы дүкөндө 29-октябрь күнү кечинде күзөт кызматынын кызматкери келген адам менен мушташкан.
Арыз ээсинин айтымында, жаш жигит мас болуп, өзүн туура эмес алып жүргөн.
Жаранга карата майда бейбаштык үчүн протокол түзүлдү.