Дагы бир партияны «добуш сатып алууга» айыптады

«Добуш сатып алуу» беренеси менен козголгон кылмыш иши иликтенүудө. Бул тууралуу Бишкек шардык милициядан билдиришти.

Тергөө учурунда аныкталгандай, И.А. аттуу аял «Адилет» саясий партиясынын бир талапкерине (А.И.ге) добуш берүү үчүн 113 шайлоочуга 55,5 миң сом берген. Ошондой эле 17 жарандын «Мбанкына» добуш сатып алуу үчүн 1-2 миң сомдон акча которгон.

Милиция билдиргендей, алар аялдын жана партиянын штабында тинтүү жүргүзүп, айтылган жагдайлар тастыкталган.

И.Н. аттуу аялга «добуш сатып алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө уланууда. Анын жыйынтыгы менен бул ишке катышы бар адамдардын иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, милиция «Социал-демократтар» партиясынын эки өкүлүн добуш сатып алууга шектеп кармаган.

14 Ноябрь 2024 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча