Даниел Ажиев бюджетке 44 миллион сом которгону айтылды

Ушул жылдын 28-июлунда  Даниел Ажиев мамлекеттик бюджетке 44 миллион сом өлчөмүндө акча которгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда АКИpress жазды. 

Маалыматты расмий органдар тастыктап же четке кага элек.

Ажиев 2023-жылдын  5-июнунда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.

17 Октябрь 2023 жыл 10:23

Тема боюнча