Данияр Төлөгөн уулу кайрадан бокс боюнча машыктыруучу болду

Данияр Төлөгөн уулу кайрадан Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Бокс федерациясынан билдирди.

Ал эми, Улуттук кураманын улук машыктыруучусу Улан Сагынбаев болду.

Белгилей кетсек, Төлөгөн уулу бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Анын жетекчилигинде мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк чемпионатта коло байгени багындырып, андан соң Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон.

26 Ноябрь 2024 жыл 16:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча