Депутат 1 саатка артка жылдыруу демилгесин колдоо керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева баткендик эки жарандын саатты 1 саатка артка жылдыруу демилгесин колдоо керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында ал бул электр энергиясын үнөмдөөгө алып келерин жана жарандардын ден соолугуна жакшы таасирин тийгизерин белгиледи.

Анын айтымында, сааттын жебелери 1924-жылдан бери 6 жолу жылган. «Учурда Кыргызстан UTC+6 географиялык убакыт алкагында турат. «Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов жана тиш дарыгери Нурали Койлубаев UTC+5ке өтүүнү сунушташкан. Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен Тажикстандан бир саат алдыда», — деди ал.

Ал министрлер кабинетинен сунушту карап чыгып, жооп берүүнү суранды.

30 Ноябрь 2023 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча