Депутат: «азыр мышыкты койчо маараткан технологиянын заманында мен кечеги аудио үндөргө күлүп эле жооп бердим…»

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова Ички иштер министри Улан Ниязбеков го карата сын-пикирин айткандан кийин, ИИМги ага жооп кайтарган.

Андан көп өтпөй депутаттын жеке жашоосуна тиешелүү аудио тараган. Депутат мындай ишти Улан Ниязбеков кылды деген пикирде.

«Артымдан жүрүп жаткан каралоолорго жооп бербей эле күлүп койдум эле. Себеби кечеги Жогорку Кеңештин жыйынындар залында Улан Ниязбековко айтылган туура сыным жакпай калды окшойт. Эки сааттын ичинде технология өнүккөн заманда менин атымдан, үнүмдү окшоштуруп жеке жашоого тиешелүү жалган, калп маалыматты таратты. Менин ватсапп тиркемемде, профилимде ар дайым сүрөт же цитата турат. Анан да жасалган жалган аудио үндөрдө жаңырган, жасалган үндөр жаңырып турат. Сынды туура кабыл алып, жигитче күрөшүүнүн ордуна министр башы менен майдаланып, фейк армиясы менен төмөн түшкөнү мени таң калтырды. Адамдын айтарга сөзү калбай калганда түгөнгөн, тарбиясы төмөн адам гана ушул ыплас жол менен күрөшөт. Мен кайраттанып, күчтүү экенимди дагы бир жолу сездим. Менин саясатымды, туура эмес иштеримди сындаса жарашмак. Улан Ниязбеков мага тиешелүү туугандарымды, жакындарымды териштирип ИИМде иштеген туугандарын иштен алам дегенинизге жол болсун. Сынды жигитче кабыл алып, оңдогонго аракет кылуу бул да бийик сапат. Бийик болуңуздар жакшылар! Азыр мышыкты койчо маараткан технологиянын заманында мен кечеги аудио үндөргө күлүп эле жооп бердим»,-деп жазды Айдарова.

19 Апрель 2024 жыл 18:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча