Депутат бала бакча жетекчилеринин маянасын көтөрүүнү сунуштады

Бүгүн, 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Жалолидин Нурбаев мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлорунун маянасын көтөрүү боюнча ага кайрылган кызматкерлердин арызын жеткирди.

Аны менен катар, депутат Кара-Суу жана Араван райондорунда тизмеге кирген ички жолдорду оңдоо жумуштарын аягына чыгаруу маселесине көңүл бурду.

19 Октябрь 2023 жыл 12:06

Тема боюнча