Депутат Бишкектеги тыгынды «6 айдын ичинде чечпесе кызмат орду каралат» деп айтылган сөздү эстетти

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары парламенттин 31-октябрдагы жыйынында Сокулук районундагы убактылуу автобекетте түзүлгөн шарттар боюнча маселе көтөрүштү. Алар Чүйдүн батыш тарабындагы райондоруна, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына кетүүчү автоунаалар үчүн бөлүнгөн жерде айдоочуларга да, жүргүнчүлөргө да шарт түзүлбөгөнүн сынга алышты.

Депутат Бактыбек Чойбеков баардык шарттарды түзүп туруп анан көчүрүү иштерин кылса болмок деген пикирин кошумчалады.

Депутат ошондой эле Бишкектин жолдорундагы тыгын көйгөйүн көтөрдү. Ал Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кызматка жаңы дайындалып жатканда, эгер ал 6 айдын ичинде тыгынды чечпесе кызмат орду каралат деп айтылган сөздү эстетти.

31 Октябрь 2024 жыл 11:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча