Депутат эскертүүсүз электр жарыгын өчүргөндөрдү сотко берүүгө чакырды

Электр энергеясынын жетиштүүлүгүнө карабай өлкөдө кайра-кайра жарык өчүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.

Ал аткаруу бийлиги алдын ала эскертүү бербей жатканын айтты.

«Бардык жакта жарык өчүп жатат. Электр энергесиянын тартыштыгы жок деп жатышат. Анда эмнеге өчүрүшөт? Жарандарды өкмөттү сотко берүүгө чакырам. Сиздердин энергокомпаниялар менен келишимиңиз бар, сөзсүз утасыздар. Анткени эскертпей, маалымат бербей өчүрө албайт. Сот аркылуу бардык чыгымдарды өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүңүздөр бар», — деп депутат жарандарга кайрылды.

29 Февраль 2024 жыл 12:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча