Депутат мугалимдерди көчө тазалатпоого чакырды

Мугалимдердин коомдогу статусун көтөрүү керектигин, Бактыяр Калпаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Биздин келечек муунду тарбиялоочу кесиптин ээси көчө кыдырып таштанды терип, билим берүүгө тиешеси жок жолугушууларга жана башка коомдук иштерге бекер иштөөчү жумушчу катары кылбай, өз милдетин түз аткарууга мыкты шарттарды түзүп беришибиз керек. Мугалимдин мээнетинен улам келечек муун кандай билим-тарбия алат, кандай адам жана адис болот түздөн түз тиешеси бар. Мугалимге кайдыгер мамиле бул келечекке болгон кайдыгер мамиле деп түшүнөм», — деди ал.

30 Май 2024 жыл 15:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча