
Кечээ, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште өткөн Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Өкмөткө окуучулады жерге иштетип, андан алган түшүмдү мектептеги тамак-ашка колдонууну сунуш катары айтты.
«Ар бир мектепке 5-10га жер бөлүп берүү менен мамлекеттин бюджетин да үнөмдөп, окуучуларды да эмгекке үйрөтө алабыз»,-дейт Түмөнбаев.