Депутат суроо бергени жатса, министр «дааратканага» чыгып кеткен

Депутат Айгүл Айдарова Жогорку Кеңеште сүйлөйүн деп жатканда маданият министри Алтынбек Максутов ордунан туруп кеткен. Бул көрүнүшкө депутат айым жинденип, тоготпостук катары кабыл алганын айтты.

Вице-спикер Алтынбек Максутов суранып чыкканын кайра келерин айтып, министрдин орун басарына суроо берип турууну сунуштады. Айдарова ага көнгөн жок. “Тоготпогонубу, муну кандай түшүнсө болот? Өзү айда-жылда бир келет, анда да басып кетет. “Баары бир кабыл аласыңар да” деген ойдо кетип калдыбы”, — деп катуу сүйлөдү.

Анан вице-спикер аткаминер даараткана чыкканын айтууга мажбур болду. «Ачыгын айтайын, дааратканага суранып чыкты» деди ал.

7 Февраль 2024 жыл 13:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча