«Дордой» футбол клубу менен «Абдыш-Ата» беттешинен кийин чыр чыкты

Кечээ, 14-майда «Дордой» стадионунда өткөн оюндан кийин бир нече жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Анда «Дордой» футбол клубу «Абдыш-Ата» менен беттешип, атаандашын 3:0 упай менен утуп алган.

Оюндун аягында «Абдыш-Атанын» футболчусу менен көрүүчүнүн ортосунда кайым айтышуу болгон. Ага катышкан жарандар милицияга жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргөн.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «майда бейбаштык» беренеси менен иш козгоп, текшерүү жүргүзүүдө.

15 Май 2024 жыл 10:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча