Достук айылы жаңы үйлөр менен бирге Тажикстанга толугу менен берилди

Баткен районунун Достук айылы жаңы үйлөр менен бирге Тажикстанга толугу менен берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңеште бир катар комитеттердин биргелешкен жыйынында билдирди.

Комитеттер кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди кароодо.

«Достук эң алыскы айыл жана андан жумшак айтканда стратегиялык да, экономикалык жактан да пайда жок. 91 гектар жер берилип, 91 гектары алынган. Жаңы үйлөр үчүн компенсация катары Лакөл участогунан кошумча 30 гектар сугат аянты алынган», — деди Ташиев.

Достук айылынын тургундары үчүн дагы жаңы үйлөрдү куруп беребиз, деп белгиледи Ташиев.

27 Февраль 2025 жыл 11:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча