Дуров Дубайга кайтып барып, кайрылуусун жарыялады

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Дубайга кайтып барып, кайрылуусун жарыялады.

«Мен Францияда бир нече ай болгондон кийин Дубайга кайтып келдим. Telegram боюнча тергөө иштери дагы эле уланууда, бирок үйгө кайтканым жагымдуу болду», — деп жазган Дуров өзүнүн Telegram баракчасына.

Ал тергөө судьяларына, жактоочуларына жана командасына ыраазычылык билдирди. Дуров ошондой эле «бул күтүүсүз саякатта» аны колдогон дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Павел Дуров Франциядан соттун уруксаты менен чыгып кеткени белгилүү болгон. Айрым маалыматтарга караганда, ишкерге Франциядан бир нече жумага чыгып кетүүгө уруксат берилген.

26-августта Франция прокуратурасы анын кармалышы боюнча маалымат тараткан. Андагы маалыматка караганда, кылмыш иши боюнча тергөө 8-июлда башталган. Иште 12 айып тагылган. Ал эми Франциянын президенти Эммануэль Макрон Дуровдун кармалышы боюнча биринчи жолу комментарий берип, бул саясий чечим эмес экенин айткан.

18 Март 2025 жыл 14:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча