Дзюдочу Эрлан Шеров Араб Эмираттарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло утту.

90 кг салмакта күч сынашкан Эрлан Шеров жарым финалга чейин жетип, финалга чыгуу үчүн япониялык Гоки Тадзима менен кез келген. Бирок жеңилүү ызасын тартып калып, коло үчүн күрөшө турган болгон.

Үчүнчү орун үчүн кармашта Шеров италиялык Кристиан Парлатини жеңип, коло байгенин ээси болду. Муну менен Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында байге алган биринчи кыргызстандык дзюдочу болуп калды.

23 Май 2024 жыл 9:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча