Эгиз кыздарын сабаган эне менен анын кайын энеси кошо жоопко тартылышы мүмкүн

Прокуратура эгиз кыздарын сабаган энени энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, келин кармалган. Кылмыш иши боюнча эгиз кыздардын энесине карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) жана экинчи жолдошунун апасына (кайненеси) карата 41-беренесинин (кылмышка кошо катышуу), 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) негизинде айыптары угузулуп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

«Прокуратура органы жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жогоруда аталган жаранды энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат», — дешти.

4 Декабрь 2023 жыл 11:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча