
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев ден соолугуна байланыштуу абактан бошотулду.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, Бакчиевге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү көрсөтмөгө өзгөртүлдү.
20-февралда сот экс-депутаттын камактагы мөөнөтүн 23-мартка чейин узарткан.
Жаныбек Бакчиев 2023-жылы ноябрда камакка алынган.
Маалым болгондой, экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айыпталган. Мындай кылмыш үчүн 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат.
Жаныбек Бакчиев «Бир бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болгон.