
Бүгүн, 14-февралда Мирланбек Маратбек уулу Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен күнөөсүз деп табылып, толук акталды.
Чечимди Кант шаардык соту чыгарган.
Эске салсак, 2024-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алган.
Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.