Элчи Садык Шер-Нияз Париждеги Олимпиадачылар менен жолукту

3-августта Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз Париждеги Олимпиада шаарчасында болду.

Аны Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, ошондой эле Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев коштоп жүрдү.

Элчи Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын машыктыруучулары менен жолугуп, каалоо тилектерин айтып, спортчулардын жашоо шарты менен таанышты.

Садык Шер-Нияз белгилегендей, элчилик ар тараптуу колдоо көрсөтөт.

Жолугушуунун соңунда спортчуларга алдыдагы мелдештерде ийгилик каалады.

4 Август 2024 жыл 14:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча