Элчилик “Крокус сити холлдо” жабыркагандар менен тыгыз байланышта

Орусиядагы “Крокус сити холл” концерттик залында болгон теракттан улам жабыркагандардын тизмесинде 2024-жылдын 28-мартына карата Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин ТИМ билдирди.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кызматкерлери Красногорск шаарындагы медициналык мекемеге жабыркап түшкөн жашы жете элек россиянын жарандыгын алган этникалык кыргыз Б.К.га барып, ден соолугунан кабар алышкан. Учурда аталган жарандын ден соолугу жакшы болуп, үйүнө чыгарылды.

“Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин издөөдө жүргөн Кыргызстандын эки жаранына карата мурда дайындалган генетикалык экспертизанын жыйынтыгы азыркы учурда чыга элек. Өз кезегинде өлкөнүн Орусиядагы элчилиги аталган жарандардын ата-энелери менен тыгыз байланышта.

28 Март 2024 жыл 17:49

Тема боюнча