Бишкекте өтүп жаткан экинчи Элдик Курултайда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн, 2023-жылдын 15-декабрь күнү Бишкек шаарында экинчи Элдик Курултай өз ишин баштады. Аталган Курултайга өлкөнүн бардык облустарынан, аймактардан жана Бишкек шаарынан келген делегаттар катышууда.
Курултайга катышкан делегаттардын кайрылууларын, арыздарын ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Башкы штабынын башчысы милициянын полковниги Бактыбек Кенжегулов жана ИИМдин Катчылыгынын башчысы милициянын полковниги Абдиш Коомбаев кабыл алышууда.
Кеңири өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жүрүшүн жана жол кыймылынын коопсуздугун 1000 ашык ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылып, көзөмөлдү министрдин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жүргүзүүдө.
Курултайдын жүрүшүндө, республиканын бардык жеринен келген делегаттар элдин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгилешти.
ИИМдин жетекчилиги арыз менен кайрылган ар бир делегаттын маселелерин карап чыгып, тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, бул иш-чара 15-16-декабрь күндөрү өтөт.