
Бүгүн, 2-февралда саат 03:00дө Бишкек ЖЭБде авариялык абал катталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.
«Шаардык ЖЭБдин жабдыктары иштен чыкты. Учурда ыкчам штаб түзүлдү. Кесепетинен 3 кызматкер жабыркап, ооруканада дарыланып жатат. Бишкек шаарындагы жылуулук режимди кармап калуу максатында айрым бир коммерциялык мекемелерге жана мектептерге онлайн режими киргизилди. Электр энергия үзгүлтүксүз берилет. Кыска мөөнөттө калыбына келтиребиз», — деди ал.
«Кырсык 14-от казанда катталды. Азыр маалымат так болуу үчүн комиссия иштеп жатат. Жылуулук бар. Айрым бөлүктөрдө гана өчүрүлдү», — деди министрдин орун басары.