“Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү камакта калтырылды

Бишкектин Октябрь райондук соту “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди камакта калтырды.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, анын УКМКнын тергөө абагында камактагы мөөнөтү 4-январга чейин узартылды.

Ал кылмыштуу кирешелерди легалдаштырган деп (адалдоого) айыпталууда.

20 Декабрь 2023 жыл 16:08

Тема боюнча