Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагына таянуу менен Спутник маалымат агенттиги билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарды тактап жатканын айтты.

Файзиев биринчи жолу коррупциялык ишке шериктеш болгон деп шектелип 2021-жылы кармалган. Кийин ал боштондукка чыгып, «Асман» экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалган. Бирок ал жерде көпкө иштеген эмес.

10 Октябрь 2023 жыл 17:33

Тема боюнча