«Элкат» ЖЧКсынын башкы директору жана негиздөөчүлөрү кармалды

Бишкекте «Элкат» ЖЧКсынын башкы директору жана негиздөөчүлөрү кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.

Маалымат боюнча, кечээ, 10-февралда УКМКнын кызматкерлери «Элкаттын» кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, башкы директор Уланбек Толубаевди жана эки негизөөчүлөрү — Зикирали Кенжебаев менен Сергей Шмелевду кармашкан.

Алардын баары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми УКМК бул тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

12 Февраль 2025 жыл 9:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча