Элмурза Сатыбалдиев «Мекенчил» депутаттык тобунун лидерлигинен кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.
Анын айтымында, Сатыбалдиев мындай чечимди ден соолугуна байланыштуу кабыл алган.
«Мекенчил» депутаттык тобунун лидеринен кат келди. Элмурза Сатыбалдиев топтун лидерлигинен ден соолугуна байланыштуу кетүүнү чечти. Анын эмгеги үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул кызматта эки жыл үзүрлүү эмгектенди», — деди Шакиев.
Сатыбалдиевдин ордуна кечээ, 30-октябрда, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан аталган топко өткөнүн жар салган Кундузбек Сулайманов шайланды.
Эске салсак, бир мандаттуу округдан шайланып парламентке келери менен 18 депутат «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына кошулган. Кийин алардын ичинен 14 эл өкүлү бөлүнүп чыгып, «Мекенчил» деген топ түзүлгөн. Алардын ичинен Нурланбек Шакиев төрага болуп кетсе, Искендер Матраимов, Жаныбек Абиров, Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшырып беришкен.