Эмгек акыны «Элкарт» системасы аркылуу төлөө сунушталды

Эмгек акыны «Элкарт» системасы аркылуу төлөө сунушталды. Президенттин жарлыгынын долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Максаты — экономикалык коопсуздукту бекемдөө, улуттук төлөм системасын өнүктүрүү жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү.

Жарлыкка ылайык:

стратегиялык объектилердин кызматкерлерине эмгек акы «Элкарт» улуттук төлөм системасынын банктык карталары аркылуу төлөнсүн;

бардык уюмдарга жана мекемелерге эмгек акыларды «Элкарт» аркылуу төлөө сунушталсын;

банктарга жана башка уюмдарга улуттук төлөм системасын колдоо боюнча шарттарды түзүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.

26 Декабрь 2024 жыл 11:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча