Эми өлкөдө чет элдиктер бөйрөгүн алмаштыргандай шарт түзүлөт

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга трансплантациялык операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди.

Ал бул тууралуу кечээ, 6-мартта Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барганда айтканын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрдин айтымында, бул мүмкүнчүлүк келечекте жогорку технологиялык операцияларды жасаган ооруканаларды каржылоонун кошумча булагы болуп калышы мүмкүн.

Бүгүн аталган борбордо бейтаптын ага донор болгон тууганынын бөйрөгүн трансплантациялоо операциясы ийгиликтүү өткөн. Бул борбордо жасалган 65-трансплантация.

Эркин Чечейбаев өлкөдө бөйрөктүү алмаштыруу операциялары өнүгүп жатканын билдирген.

2024-жылы операциялардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 36,4% өсүп, жылына 22 трансплантацияга жеткен.

2025-жылдын башынан бери беш операция жасалган. 2024-жылы өлкөдө жалпы 738 бейтап бөйрөгүн алмаштырган.

7 Март 2025 жыл 6:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча