Ош шаардык перинаталдык борборунда 30 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Айтымында, Кара-Суу районунун тургуну оор абалда медициналык мекемеге түшкөн.
«Анда жүрөк кемтиги жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар болгон. Абалы эске алынып кесарево жасалган. Салмагы 2 кг 350 гр болгон кыз жарыкка келген. Баардык көрүлгөн чараларга жана консультацияларга карабай көз жарган аял реанимацияда каза болгон. Ымыркай 25-марттан 6-апрелге чейин реанимация бөлүмүндө болгон, 6-апрелден баштап неонаталдык патология бөлүмүнө которулган, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык, ара төрөлгөн, түтүкчө аркылуу тамактанууда», — деп айтылат маалыматта.
Учурда өлүмдүн жагдайларын укук коргоо органдары иликтеп жатат.
Эске салсак, жыл башынан бери төрөт учурунда беш аял каза болгон. Бул коомчулукка чыккандары гана.