Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Мунарбек мамлекеттен 10 миллион сом жана «Киа» үлгүсүндөгү автоунаа алган. Эми Сейитбек уулу Эл аралык бокс федерациясынан (IBA) акчалай сыйлык алат.
IBA басма сөз кызматы күмүш байге ээсине 25 миң доллар, дагы 25 миң доллар машыктыруучу менен улуттук федерациянын ортосунда тегиз бөлүштүрүлөрүн билдирди.
Жеңүүчүлөр допингге каршы тиешелүү процедураларды ийгиликтүү аяктагандан кийин IBAнын акчалай сыйлыктарын алышат.
Эске салсак, Мунарбек Сейитбек уулу кыргыз боксунун тарыхында биринчи жолу Олимпиадага жолдомо уткан мушкер. Ал бокс тарыхын бул менен эле жазбай, Олимпиаданын финалына чейин жетип, күмүш байге алды.