Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын ыңгайлуулугу үчүн мамлекеттик кызматтар боюнча тесттик режимде чат-бот — @infocom_kg_bot ишке киргизилди.
Чат-бот күнү-түнү жарандардан эң көп берилүүчү суроолоруна жооп берет, алар:
Чат-боттун артыкчылыгы тил тандоо жана 24/7 баарлашуу үчүн жеткиликтүүлүк, үзгүлтүксүз колдоо жана айкын убакыт ыргагында суроолорго жооп берүү.
«t.me/infocom_kg_bot иштеп баштаган биринчи айдын ичинде 1000ден ашык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аны жарандар активдүү колдонуп жатканын айгинеледи», — деп айтылат маалыматта.
Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жасалма интеллектке негизделген бот digital.gov.kg, infocom.kg, nomer.srs.kg, tizme.gov.kg сайттарында, ошондой эле WhatsApp жана Telegram мессенджерлеринде жеткиликтүү.
Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Call-борбору 2015-жылдын август айында иштеп баштаган жана ачылгандан бери эки миллиондон ашык чалууларды иштеп чыккан. Ал заманбап жабдуулар жана программалык камсыздоо менен жабдылып, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.