Эмненин негизинде маданий борбордун жетекчиси 250 миң сом айлык алат?

Түркияда ачыла турган кыргыз маданий борборунун директору 2,8 миң доллар (250 миң сомго жакын) айлык алат. Аны Жогорку Кеңештин бюджет , экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ырастады.

Анын айтымында, мадания борборго үч штат ачылат. Директор 2 миң 800 доллар, эки кызматкери 2 миң 300 доллардан алат.

“Түркиянын орточо айлыгын эске алып, Тышкы иштер министрлиги менен Экономика министрлигинин кеңеши менен ушундай сумма коюлду”, — дейт Чыңгыз Эсенгул уулу.

Депутат Айсара Нышанова айлык өтө ээле жогору коюлганын белгилеп, кайра карап чыгууну  сунуштады.

“Кайсы жерде ушундай айлык алат экен? Эмненин негизинде? Айлыкты, турак жай ижарасын дагы долбоордо бир нече жолу кайталап жазыпсыңар”, — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек,  комитет Түркия менен Кыргызстандын маданий борборлорду ачуу боюнча келишимин ратификациялоо долбоорун кароодо.

25 Декабрь 2023 жыл 15:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча