Эрдоган Путинге Батыштан кем эмес ишенерин айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган америкалык PBS телеканалына маек берип жатып Россияга жана анын лидери Владимир Путинге Батыштан кем эмес ишенерин айткан. Бул туурасында РИА Новостиге таянуу менен Спутник маалымат агенттиги жазды.

«Менде ишенбей коюуга негиз жок. Батыш кандай ишенимдүү болсо, Россия да ошондой ишенимдүү. 50 жылдан бери Евробиримдик бизди босогосунда күтүүгө мажбурлап келет. Менин азыр Россияга ишенимим Батыштан кем эмес», — деген Эрдоган PBS телеканалына берген интервьюсунда.

Ал кабарчынын «Путин эгин келишимин Украинадагы согушта артыкчылык катары пайдаланды» деп кине коюп, «анын жетекчилигине ишенүүгө болбойт» деп айтканына терс жооп берген.

«Буга макул эмесмин. Мендеги жаратылыш газынын жарымы Россиядан келет, демек, биз тилектешпиз. Бирге кадам таштап, коргонуу өнөр жайы боюнча кызматташып келебиз. Бул нерселерди Россия менен бирге жасай алабыз», — деп белгилеген Эрдоган.

19 Сентябрь 2023 жыл 11:42

Тема боюнча