Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерге орток алфавитке өтүүнү сунуштады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерге орток алфавитке өтүү сунушун берди.

Ал бул тууралуу 6-ноябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги 11-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Режеп Тайып Эрдоган Түркия, Азербайжан жана Түндүк Кипр орток алфавитке өтүүгө даяр экенин айтып, Кыргызстанды, Казакстанды, Өзбекстанды жана Түркмөнстанды да ушундай чечим кабыл алууга чакырды.

6 Ноябрь 2024 жыл 15:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча