2024-жылдын 14-сентябрында Бишкекте Кыргызстандын күрөш федерациясынын кезексиз шайлоо конференциясы болуп, анда күрөш федерациясынын президенти болуп Эркин Тентишев шайланды.
Федерациянын мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев Эркин Тентишевге ийгиликтерди каалаган. “Жаңы күч, жаңы дем деген жакшы нерсе, ал эми эскилери жардам берип турсак, андан дагы жакшы. Мен жаңы президентке ийгиликтерди каалайм. Четте турбай мындан ары да жардам берем”, — деп билдирди Турганбаев.
Ал эми жаңы жетекчи Тентишев бул милдетти сыймыктануу менен кабыл алганын билдирди.
«Мен күрөш жөн гана спорт эмес экенине терең ишенем. Бул мүнөздү, кайраттуулукту жана жеңишке умтулууну калыптандырган жашоо мектеби.
Биздин спортчулар биздин келечегибиз жана биз алардын ийгилиги үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек.
Ошондой эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөбүздүн президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке жана УКМКнын төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке жаштардын жана спорттун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирем.
Мен белгилегендей, алар спорттун ийгиликтүү өнүгүшүн, ошондой эле жаштарыбыздын колунда турган өлкөбүздүн келечегин алдыга сүрөп жатышат. Ошондой эле мага көрсөткөн жогорку ишенимим жана күрөш Федерациясын жетектөөдө мага ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирем»,-деп жазды Эркин Тентишев.