Журналист Эрнис Кыязовдун атасын унаа сүзүп кетип, бутунун эки жеринен жана колу сынып ооруканага түшкөн. Бул тууралуу Кыязов өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«.. шам намазга баратса жөө өтмөктөн (пешеход) машине коюп кетип, атам буту эки жеринен сынып, колу да сынып ооруканага түштү. Реанимация бөлмөсүнө же киргизбейт экен бизди. Атамдын онтоп, жаны сыздаган үнүн угуп, эмоциям ашып-ташып , биз менен кошо жүргөн кылмыш ээсин жемелеп, «эрежени билбеген кандай акмаксың!?..» деп атабызды койдуруп кеткен кишини болушунча ашата сөгө ызырынып, өзүмдү коерго жер таппай албууттанып аткам. Аңгыча жабык турган эшиктин терезечеси ачылып медайым кыз чакырат. Атаңыз «..жанагы сүзүп кеткен кишиге ачуу менен өтө катуу сөздөрдү айтып койдум окшойт,.. кечирип койсунчу..» дейт; көп эле аны кагып-силкип уруша беришпесин»,-деп айтты деп терезени жаап кыз ары көздөй кетти.. Сынган сөөктөрү сыздап атса да кечирим сурап аткан атамдын дубай-саламын сындыра сүзгөн кишиге айттым. Ансыз да өз кылмышына өзү уугуп, боппоз болуп олтурган ал не дээрин билбей,.. ого бетер бозоро түштү. «Менден кетсе да кечирип коюңуз..» дедим сентименталдуу атамдын сентиментал уулуна айланып… Тиги киши андан бетер түшүнө албай делдейди…»,-дейт Кыязов.
