«Эртең бүт Алматы ушинтип кийинет». Ерке Есмахандын жаңы образы талкууда

«Кайда» мегахиттин аткаруучусу, ырчы Ерке Есмахан адаттан тыш кийим — боз түстөгү костюмун көрсөттү. Ал образын ак байпак менен кызыл сандалдар менен толуктады. Кичинекей сумка жана очки көрүнүшкө көрк кошту. Ырчы казакстандыктарга «Ерке Есмахан техникасын» үйрөтүүнү сунуш кылган «эксперттер» тууралуу жазды.

«Ерке Есмахандын сырын, техникасын, энергиясын ача алабыз деген акылдуулар көп болду. Ерке менен Райымдын сүйүү сырын да айтып берүүнү сунушташат. Балким, өзү катышат? Ерке Есмахан ким экенин түшүнөм. Жалпысынан алганда, менин негизги ыкмасы-чынчылдык. Башкага ишенбегиле», — деп сөзүн жыйынтыктады Ерке.

Соцтармактарда Есмахандын күйөрмандары анын кийимин талкуулап жатышат. Пост үч миңден ашык комментарий топтоду.

«Мен 8-класста бут кийим менен байпак кийип жүргөндө, мени шалдыңдашкан. Мода болорун ким билген», «адаттан тыш жана сырдуу Ерке», «Чоңойсом, Ерке Есмахан болом», «эртең бүт Алматы ушинтип кийинет»,- деп жазышты күйөрмандары.

20 Июнь 2024 жыл 11:25

Тема боюнча