Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардагы таза суу тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу эртең, 27-февралда төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда суу болбойт:

— Кийизбаева — Мамбетов  — Курманжан Датка  көчөлөрү. Саат 10:00дөн 20:00гө чейин;
— Ахунбев – Руставели – Тыналиев көчөлөрү. Саат 10:00дөн 17:00гө чейин;
— Саманчин — Малдыбаев — Байтик баатыр — Сүйөркулов — Тыныстанов — Малдыбаев — Ахунбаев көчөлөрү. Саат  10:00дөн 14:00гө чейин.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

26 Февраль 2025 жыл 11:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча