Фракциядан чыгарылган Айдарова: «Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да козгогон эмес, козгой да алмак эмес…»

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан чыгарылган депутат Айгүл Айдарова Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Анда депутат жыйындарга катышпайт деген жүйө негизсиз экенин айтты. 

«Урматтуу элим! Айрыкча Баткендиктерим! Мени Бүтүн Кыргызстан фракциясынан чыгарганы мен үчүн эч кандай мааниге ээ эмес жана «фракция жыйындарына катышпай жүргөн» деген күнөө негизсиз. Биринчиден мандат алып иштеген күндөн баштап 4-жолу гана фракция жыйыны болгон. Мен баарына катышкам. Аны кесиптешим Алишер Эрбаев  да тастыктап фракция жыйынында айтып берди. Мейли ал башкысы эмес фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Анын бир канча себептери бар. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады.

Эгер чындыктын символу деген партиянын ичинде кандай «былыктары» бар экенин кеп кылсак анда кептин төркүнүн башынан баштоо керек. Убакыт келет эл «чындык» деп тааныган адамдардын абийири кандай экени ачыкталат. Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам.

Ток этерин айтканда фракциясы жок эле депутаттык ишмердүүлүгүмдү элим үчүн ак иштеп уланта беремин. Алдыда аткара турган мыкты иш пландарыбыз көп. Кыжалат болуп жеке баракчама жазып, чалып сурап жатасыздар. Менде баары жакшы. Мындай майда чечимдер үчүн баш оорутуунун кажети жок болчу. Көпчүлүктүн оюн сыйлап жооп жазып койдум»,-деди Айдарова.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-юнда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы депутат Айгүл Айдарованы фракциядан чыгарды.  Мындай чечим “Бүтүн Кыргызстандын” 30-майдагы отурумунда кабыл алынганын фракциянын лидери Исхак Масалиев билдирген. 

“Айгүл Айдарова эмгек тартибин бузганы үчүн жана анын пикири фракциянын жалпы саясатына дал келбегендиктен фракциядан чыгардык. Себеби, ал фракциянын көптөгөн жыйналыштарына катышкан эмес. Мыйзамда “депутат фракциянын жыйынына катыша албаса кагаз түрүндө фракция лидерине кабар берүүгө милдеттүү” деп жазылып турат”, — деген ал. .

Айгүл Айдарова 2022-жылы январь айында диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келген.

6 Июнь 2024 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча