Франциядагы Кыргызстандын элчилиги кыргыз тилин үйрөтүү курсун ачты

Франциядагы Кыргызстандын элчилиги кыргыз тилин үйрөтүү курсун ачты. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн жетекчиси Садык Шер-Нияз билдирди.

Анын айтымында, сабакты Парижде жашаган Элита Султаналиева өтөт. Ал бул өлкөдөгү Кыргыз клубун дагы жетектейт.

Маалыматка караганда, алгачкы сабакка Францияда жашаган кыргыз үй-бүлөлөрүнөн 8 бала катышкан.

27 Февраль 2024 жыл 13:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча