2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык этабынын чүчүкулак тартуусу АКШнын Вашингтон шаарында өтөт. Бул тууралуу Анадолу агенттиги билдирет.
Маалыматка караганда, Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Жон Ф.Кеннеди атындагы аткаруучулук искусство борборунда өтө турган аземге чакырылган жылдыздарды жарыялады.
Өз муунунун эң атактуу коргоочуларынын бири, «Манчестер Юнайтеддин» жана Англиянын мурдагы футболчусу Рио Фердинанд чүчүкулак тартууну жүргүзөт. Ага белгилүү эл аралык телекөрсөтүү комментатору Саманта Жонсон жардам берет.
Америкалык футболчулар Илай Мэннинг жана Том Брэди, Канаданын хоккей боюнча улуттук курама командасынын мурдагы оюнчусу Уэйн Гретцки, «Нью-Йорк Янкистин» бейсбол оюнчусу Аарон Жадж жана дүйнөлүк деңгээлдеги баскетбол жылдызы Шакил О’Нил иш-чарага катышат.
Эске салсак, 2026-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШда, Канадада жана Мексикада өтөт. Турнирдин тарыхында биринчи жолу 48 команда катышат.